• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев болобу? 

12 Тогуздун айы 2018 17:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
Айрым  интернетт  колдонуучулар Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри катары көрсөтүүдө. Маалыматта «Руслан Казакбаев буга чейин дагы ТИМ министри болгон. Жүзү жарык, билимдүү, тажрыйбасы жетиштүү. Тышкы иштер министрлигине татыктуу. Министр кылсак кандай болот?»-деген сунуштарын жазышууда.
Ошондой эле «Казакбаев 2010-жылы 7-апрелде өлкөдө революция Тышкы иштер министри болгон. Ошол өткөөл мезгилде дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнө Кыргызстандын жаңы бийлиги лигитимдүү экенин ынандырып, дипломатиялык алаканы бузбай сактап калган, мындан тышкары көптөгөн донорлорду алып келген»-деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулган.
Количество просмотров: 56