• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тышкы карызды төлөө үчүн элден каражат топтоо боюнча Жапаров түшүндүрмө берди

12 Жетинин айы 2020 15:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын берүүдө. Жыйынга 150гө жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Govori. TVнын тышкы карызды төлөө үчүн элден каражат топтоо боюнча токтом долбоору даярдалганы белгилүү болду. Албетте, каалгандар каражат которсо болот. Бирок буга нааразы болгондор дагы жок эмес. Мамлекеттин карызын элден чогултуунун өзү туурабы? деген суроосуна Жапаров төмөндөгүдөй жооп берди.

«Мыйзам долбоору деген туура эмес. Жөн гана Финансы министрлиги президенттин фонду деп эсеп ачты. Муну жеке ишкерлер, колунда барлар суранып, Кыргызстандын тышкы карызынан кутулуусуна салымыбызды кошолу деген ниетин билдиришти. Албетте, буга каршы болгондор дагы жок эмес. Каршыларды кыйнабайбыз. Жөн гана элдин суранычы менен ачылды», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Финансы министрлиги тышкы карызды тындыруу үчүн акча каражаттарын топтоо жөнүндө өкмөттүн токтом долбоорун даярдаган болчу.

Токтом долбоордун максаты эл аралык каржылык институттардын жана чет өлкөлүк донорлордун алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтуу, ошондой эле Кыргызстандын тышкы карызын тындыруу үчүн юридикалык жана жеке тараптардан ыктыярдуу которулган акча каражаттарды топтоо болуп саналат.

Количество просмотров: 200