• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултулууда

25 Бирдин айы 202314:39 Бишкек Govori.TV

КР Финансы министрлиги тышкы карызды төлөө үчүн ачылган деппозиттие эсеп боюнча маалымат таратты.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарууда, КР Финансы министрлигинин Борбордук казынасы тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебин ачкан. Бул эсепке жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт.

2023-жылдын 20-февралына карата эсептеги калдык 31 млн 532,87 сомду түздү.

Количество просмотров: 39