• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Германияга тышкы карызды экологиялык долбоорлорду ишке ашырууга алмашууну сунуштады

22 Кулжа 2023 13:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылык жана техникалык кызматташуу маселесине токтолуп, германия тарапка Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча Германиянын өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды.

«Германия тарапка 14,9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсия кылганы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Учурда бул каражаттар өлкөнүн аймактарында жашаган тургундарга, негизинен калктын аялуу катмарына ипотекалык насыя берүүгө багытталууда. Кыргызстандын тышкы карызын Германия биринчилерден болуп конверсия кылууга даярдыгын көрсөтүп, башка өлкөлөргө жакшы үлгү болду. Биз сиздин жакшы ишаратыңызды жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 58