• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Убакыт келди, тартипке салышыбыз керек». Түлөбаев блогерлерди сындады

3 Бугу 2023 17:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айрым блогерлердин дарегине карата сын пикирин айтып, алардын ишин жөнгө салууга чакырды.

«Президентти жамандады, ЖК жамандады, көрүнгөндү жамандады. Мына эми бүгүн пара алып кармалып олтурат. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Кандай кылабыз, бир блогер кыргызды ашатып сөгүүдө. Көрүнгөнү мамлекеттик органдарга кирип алып, ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат. ЖМК өкүлдөрүн блогерлерден бөлүш керекпи? Жогорку Кеңешке акыл үйрөтүп жүрүп, пара менен кармалып отурат. Өкмөт менен Жогорку Кеңеш ЖМК, блогер, ичи арамдарды бөлүп, тартипке келтирбейби? Болбосо, эмне деген гана сөздөрдү айтпайт, чыдап жатабыз. Убакыт келди, иретке салышыбыз керек», -деди депутат.

Бүгүн Аламүдүн районунда опузалап акча талап кылган блогер кармалды. Маалым болгондой, милицияга блогерге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган жаран, аталган блогер 2023-жылдын апрель айынан бери массалык маалымат каражаттарына терс мазмундагы видеосун жарыялайм деп коркутуп келгенини айткан.

“Видеону жарыялабоо үчүн блогер 40 миң доллар талап кылып, анын 37 миң 300 долларын алган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, блогер 2700 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

Белгиленгендей, 33 жаштагы блогер соцтармактарда транспорт каражаттарын техникалык кароо чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча материалдарды активдүү жарыялап келген.

Количество просмотров: 85