• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Учакта жүргүнчү көз жарды

12 Үчтүн айы 20249:03 Бишкек Govori.TV

10-январда Жуковский – Душанбе каттамы менен бараткан учактын жүргүнчүсү көз жарды. Бул тууралуу «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, төрөттү мурда фельдшер болуп иштеген борт коштоочу Надежда Ивакина менен медайым болуп эмгектенген Мадина аттуу жүргүнчү кабыл алган.

«Кыз Душанбе убактысы боюнча саат 2:25те жарык дүйнөгө келди. Төрөт жеңил болуп, чукул конуу талап кылынган жок. Душанбеге конорубуз менен аларды тез жардам кызматы тосуп алды», – деп жазылган авиакомпаниянын билдирүүсүндө.

Каттамдын жүргүнчүлөрү учакта төрөлгөн кызга 55 миң рубль жана 3 миң сомони чогултуп беришкен.

Количество просмотров: 685