• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Учактын жүргүнчүсү аэропорттун аймагында каза болду

14 Үчтүн айы 202515:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек — ​​Жалал-Абад каттамына катталган жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу маалыматты “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, каза болгон адам 65 жашта болгон. Жүргүнчүнүн эмне болгонун туугандары, милиция жана дарыгерлер тактап жатышат.

«Жүргүнчү кечээ күнү дарылануу үчүн Бишкекке учуп келген. Бирок дарыгерлер аны кайра жөнөтүшкөн окшойт. Ал учакта эмес, аэропорттун аймагында каза болгон. Туугандары жакында болчу. Алар тез жардам кызматын, жана милиция кызматкерлерин чакырышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аэропорттун сайтындагы маалыматка караганда, Жалал-Абадга учак саат 13:30да учуп кеткен.

Количество просмотров: 1315