• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби (видео)

14 Үчтүн айы 2021 14:07 Бишкек Govori.TV

Мындан туура төрт жыл мурун жүк ташыган «Боинг» Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Учкучтар өлөөр алдында эмне тууралуу кеп кылышкан? Алардын катасы эмнеде болгон? Sputnik Кыргызстан агенттиги видео материал жарыялады.

Расмий маалымат боюнча кырсыктан кийин айылдагы 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган.

Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген. Кырсыктан жабыркагандарга элден жардам чогултулган. Дача-СУга кулаган учак маселесин көптөр көтөргөнү менен кырсыктын айрым жагдайлары ачыкка чыга элек.

Количество просмотров: 34986