• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Учурда криминалдык статусум жок». «Женгонун» видеосу тарады

6 Тогуздун айы 2023 21:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновдун видео кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал өз кайрылуусунда учурда криминалдык статусу жок экенин айткан.

«Мен Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийип, өлкөдө жашап келе жатам. Буга чейинки мыйзамсыз иштериме жооп бергем. Азыркы учурда эч кандай криминалдык статусум жок», — деди ал.

Эске салсак, Ош шаардык милициясы 13-январга караган түнү калаанын Курманжан Датка көчөсүндө эки жаранга белгисиз адамдар кол салып, жеринде бирөө каза болгонун кабарлаган. Экинчиси Ош шаардык ооруканасына түшкөн. Маркум 29 жашта, ооруканага түшкөнү 27 жашта болгон. Экөө тең Ички иштер министрлигинин реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Милиция бул окуяга байланыштуу 13-январда кылмыш дүйнөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын билдирген. Мындан тышкары беш адамга издөө жарыялаган.

Количество просмотров: 1708