• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Адам өлтүрүүгө шектелип “Женго” кармалды

13 Үчтүн айы 2023 16:41 Бишкек Govori.TV

Кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-январь күнү саат 01:15 чамаларында, Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө орун алган «РСК» банкынын капталындагы аялдаманын аркасында, тергөөдө өздүгү аныкталбаган белгисиз атуулдар, өздөрүнүн кылмыштуу аркеттери менен, адам өлтүрүү максатын көздөшүп, Баткен облусунун тургуну, 1993-жылы туулган А.Н. денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетишкен. Ошондой эле анын шериги, 1995-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Н.М. дагы денесинен (өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган) жарат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Натыйжада 1993-жылы туулган А.Н. денесинен алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-бөл. 16-п. менен көрсөтүлгөн кылмыш иштин белгилери боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле күнү бул өзгөчө оор кылмышты уюштурууга шектүү, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Досонов Кадыр кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Анын шериктери, бул кылмышка түздөн түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө.

Алар:

1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;

3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3807