• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ухандагы 18 кыргызстандык Бишкекке алынып келинди

2 Бирдин айы 2020 17:32 Бишкек Govori.TV

Ухань шаарында жашаган 18 кыргызстандык Бишкекке алынып келинди.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

«2-февраль күнү казак тараптын жардамы менен Нур-Султан шаарына алынып келинген 18 кыргыз жараны Бишкекке атайын борт менен жеткирилди. Келген жарандардын баары аэропортто тиешелүү текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаарынын четиндеги атайын жугуштуу оорулар үчүн бөлүнгөн бөлүмгө жайгаштырылды.  Эвакуацияланган жарандар биринчи кезекте коронавирус инфекциясына карата текшерүүдөн өтүшөт», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 2-февралда Казакстандын ыкчам медицина боюнча Улуттук координациялык борбору Кытайдагы 83 жаранын эвакуациялаган анын ичинде Кыргызстандын 18 жараны болгон.

Количество просмотров: 173