Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет адвокат Самат Матцаковдун кылмыш иши боюнча ал кармалгандан алты күндөн кийин расмий маалымат таратты.
Атайын кызмат Матцаков кылмышты жашыруу максатында алдамчылык жана документ жасоо боюнча айыпталып жатканын билдирди.
“М.С.А. жактоочулук ишин жүргүзүү менен сот органдарынын кызмат адамдары менен байланышы бар деп, ишенимге кирип, 22 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Атайын кызмат тергөө иштеринин жүрүшүндө Матцаков өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн жасалма документ жасаганы аныкталганын, буга байланыштуу Башкы прокуратура экинчи кылмыш ишин козгогонун билдирди. УКМК адвокаттын кылмышка катышына далил бар деп эсептейт. Учурда тергөө уланып жатканы айтылды.
УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.