• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Атамбаев кармалды

10 Тогуздун айы 202017:38 Бишкек Govori.TV

Массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев да кармалганы белгилүү болду.

Учурда мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу тарабынан аталган кылмыштын башка катышуучуларын аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.

Количество просмотров: 2878