• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Атамбаевдин сакчылары азайды деген маалымат жалган

22 Тогуздун айы 2018 18:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылганы чындыкка жатпайт. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен «Говори.ТВ» агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-президенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды кайтаруу милдети жүктөлгөн мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылып, Атамбаевдин сакчылары азайды деген маалымат чындыкка дал келбейт.
«Отунбаева менен Атамбаевдин жан сакчылары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын убагыда бир аз азайган. Ал эми азыр алардын сакчылары кыскартылбаган жана жетиштүү»,-дейт УКМКнын басма-сөз катсычы Рахат Сулайманов.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылганы тууралуу, КСДПнын  өкүлү Кундуз Жолдубаева Азаттыкка билдирген.
Количество просмотров: 18