• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Аткезчилик жол менен ташылып келген дарылар аныкталды 

21 Теке 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чек ара кызматы менен биргеликте өлкө аймагына кире беришинен КРнын К.К., аттуу жаранынын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.

«Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К., аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектердин жүктөрү табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 235