• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

УКМК Балыкчы ШИИБдин башчысына издөө жарыялады

27 Үчтүн айы 202415:26 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-январда Балыкчы ШИИБнүн кызматтык унаасынын катышуусундагы жол-транспорт кырсыгы фактысы боюнча, шаардык прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

«Ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады»,-деп жазылат маалыматта.

Издөөдө жүргөн Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына, Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052 телефондоруна кайрылыңыздар болот.

Количество просмотров: 136