• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

УКМК: Баткенде мамлекеттик кызматкердин кош жарандуулугу аныкталды

12 Бугу 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинде кош жарандуулук аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүү тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын УКМК КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси У.А.У. КР жана РФ кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон. Белгилей кетсек, 2018-жылдын апрель айында У.А.У. КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ошол учурда У.А.У. өзүнүн жеке маалыматтарында Россия Федерациясынын жарандыгы бар экенин жашырган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат, ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү У.А.У. чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн»,-деп жазылат маалыматта.

УКМК “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албайт деп эскертет.

Количество просмотров: 71