• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК билдирет: Киборг да колго түштү

8 Аяк оона 202410:33 Бишкек Govori.TV

УКМК Киборг аттуу каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди. Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Н.М. аттуу жаран кармалган.

УКМК маалыматы боюнча, М.Н.М. криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана Балыкчы шаарынын «смотрящийи», Сапа аттуу каймана аты бар жаран менен тыгыз байланышта болгон. Кармалган жаран курал менен коркутуп, тартып алуу, мыйзамсыз акча жыйноо менен аларды «уурулук капчыкка» кошуу менен бирге жекече баюу менен алектенген.

4-сентябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, М.Н.М. Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн. Тинтүү учурунда андан Макаров үлгүсүндөгү травматикалык тапанча алынган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 184