• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Бишкекте тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

12 Бирдин айы 20259:59 Бишкек Govori.TV

10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектүү катары Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Т.Н. кармалды.

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 149