• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК чагымчыларды издеп жатат

27 Теке 201810:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
УКМК башка күч органдары менен бирге  телефондук билдирүүлөр аркылуу улут аралык, аймактар аралык бөлүнүүнү козуткан чагымчыларды издеп жатат. Бул тууралуу башкы коопсуздук органынан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу ар кандай аудио билдирүүлөр тарап, анда улуттар, аймактар аралык бөлүнүүнү козутууга багытталган сөздөр таркап жаткандыктан, алардын авторлору изделип жатат.
“Мындай чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү атайылап чыгарып тараткандар  КРнын Кылмыш Кодексинин 299-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Андыктан, жарандарды мындай чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан этият болууга чакырабыз”, -деп айтылат маалыматта.
Количество просмотров: 15