Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) Кыргызстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып өтүүнү көздөгөн чет элдик жарандарды мыйзамсыз каттоого алган чек арачыны кармап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
«Иликтөө маалында Мамлекеттик чек ара кызматынын «Манас аэропорту» өткөрүү пунктунун кызматкери ирандык алты жаранды Сырткы миграция бирдиктүү сиситемасына мыйзамсыз каттоого алып, паспортторуна «Кыргызстанга кирди» делген мөөр басып бергени белгилүү болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Териштирүү маалында белгилүү болгондой, сөз болуп жаткан алты ирандык Кыргызстандын аймагына таптакыр кирген эмес. Чек арачы алардын ар бири үчүн 900 доллардан пара алганы айтылды.
Ирандыктарды Кыргызстан аркылуу, бирок башка жолдор менен алып өтүү көздөлгөн.
Аталган факты боюнча КРдин Жазык кодексинин 320 («Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу»), 329 («Кызматтык жасалмалуулук») жана 325-беренелери («Пара алуу») менен кылмыш иши козголду.