• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК: Чет элдиктерге кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

10 Аяк оона 202517:49 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында борбор калаанын аймагында караоке клубунун кейпин кийип, чет өлкөлүк жарандар үчүн гана интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, топтолгон материалдардын негизинде, 2025-жылдын 5-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жайда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды.

КР КЖК 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган жайдын уюштуруучусу КР жараны «К.А.А.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Коомго жат болгон мүнөздөгү иштер менен алектенген кыздардын жеке маалыматтары такталып, ыкчам каттоого алынды. Ошондой эле учурда аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 147