• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК чет өлкөлүк жаранды кармады

11 Баш оона 20259:50 Бишкек Govori.TV

 КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында «Ф.В.Г.» аттуу Германиянын жараны – 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. 

 Белгилей кетсек, буга чейин аталган «Ф.В.Г.», материалдык пайда алуу максатында, коркутуу жолу менен шантаж жана укук коргоо, сот органдарына кайрылаарын эскертип – чет элдик инвестордон, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жараны «Н.М.И.» ден өзгөчө ири суммадагы накталай акчаны, тактап айтканда 6 млн 200 миң АКШ долларын же Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

 Инвестордун чет өлкөлүк жарандын алдындагы финансылык милдеттенмелерин толук төлөп бергенине карабастан «башка бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз талаптар» токтогон эмес.  

 Учурда аталган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. КР УКМК өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет. Эгерде кылмыштуу аракеттердин фактылары аныкталса, кылмыштуулукка, анын ичинде жазык-укуктук кылмыштарга карата бөгөт коюу боюнча катаал чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 135