Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды. бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. кармалды. З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды.
Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК тараткан маалыматтагы инциалдар Зилалиев Дүйшөнбек Текшербековичке дал келүүдө. Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин 2016-2017-жылдары жетектеген.
Буга чейин Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.