• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиевдин соту 1-июлга жылды

17 Кулжа 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралып, кийинки отурум 1-июлга белгиленди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова Govori.TVга билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурумга жаңы жактоочу катышып жаткандыктан отурум болгон эмес. Ал иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 76