Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум 11-сентябрда уланат. Бул тууралуу иш каралып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, отурумда күбөлөр сурак бергенден кийин сот саат 14:30га чейин тыныгуу жарыялаган. Белгиленген убакытка айыпталуучунун адвокаттары келбегендиктен соттук отурум 11-сентябрга жылдырылды.
Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.