• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Зилалиевдин иши. Жактоочу күбөгө басым болуп жататканын айтты

5 Бирдин айы 2020 19:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү. Анда иштин күбө катары өтүп жаткан жарандар суралды.

Жактоочунун айтымында, айыптоочу жактын күбөлөрү суралууда жана негизги күбөлөрүнүн бирине басым болуп жатканын айтты. Белгилей кетсек саат 14:00 белгилеген отурум жарым сааттан ашык кечиктирилүү менен башталды.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 61