• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Зилалиевдин абактагы мөөнөтү узартылды

11 Кулжа 2020 8:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 10-июнь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум уланды. Анда Зилалиевдин абактагы мөөнөтү 2 айга узартылды.

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова абакта кармалып турган Зилалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Бирок, сот арызды канаттандырган эмес. Анын ордуна Зилалиевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 142