• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

УКМК: Дары-дармектердин жалпы баасын төмөндөтүү чаралары көрүлүүдө

12 Тогуздун айы 2021 11:40 Бишкек Govori.TV

Маанилүү керектелүүчү дары-дармектердин жалпы баасын төмөндөтүү чаралары көрүлүүдө, — деп маалымдайт КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, ведомство тарабынан калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүнө жүргүзгөн талдоонун алкагында, калкка керектелүүчү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана баага таасир этүүчү бир катар көйгөйлөрдүн бетин ачты.

КР УКМК мекемелер аралык жумушчу тобу жана өлкөнүн министрлер кабинети тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү изилдөө, калкка керектелген дары -дармектердин баасын төмөндөтүү жана ошондой эле бирдиктүү мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу жана эффективдүү чараларды кабыл алуу боюнча талдоо жүргүздү.

Муну менен катар, КР УКМК өлкөгө дары-дармектерди импорттоо, кайра калкка ашыкча жогорулатылган баада сатуу, фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

Аталган бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, алардын колдоосу менен салык төлөөдөн качуу, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашыруу максатында жана андан ары дарыларды калкка бурмаланган баада сатуу иштери аныкталды.

Бул факт боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК министрлер кабинети менен биргеликте абийирсиз жеткирүүчүлөргө карата мыйзамдуу чараларды көрүү, дары-дармектерге баа саясатын мамлекеттик жөнгө салууну уюштуруу жана алардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди активдүү түрдө улантууда.

Количество просмотров: 156