Депутат Кубанычбек Жумалиев жеке клиникадан УКМКнын СИЗОсуна кайтарылды. Бул тууралуу атайы кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты К. Жумалиев “Бикард” клиникасына жатып чыккандан кийин кайрадан УКМКнын камак жайына камалган.
Эске салсак, Кубанычбек Жумалиевге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иш козголгон.
Буга чейин айтылгандай, анын жүрөгү ооруп жаткан.