• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

УКМК документтерди мыйзамсыз жасаган жаранды кармады

10 Бирдин айы 2023 11:57 Бишкек Govori.TV

Базар-Коргон нотариалдык округунун мурдагы жеке нотариусу нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Базар-Коргон районунун мурдагы жеке нотариусу С.У.Р. нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоо фактысы менен кармалды.

«Чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө, андан кийин ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек балдарды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталды. С.У.Р.нун жашаган жери боюнча тинтүү иштеринин жүрүшүндө 233 даана бош нотариалдык документтердин бланктары, жеке нотариустардын расмий мөөр басылган 13 даана бланктары, 1 даана расмий мөөр басылган бош кагаз, 17 даана жеке нотариустардын мөөрү басылган ишеним кат, 526 миң сом жана 2500 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акчалар, жеке компьютер, лазердик принтер, жеке нотариустардын биринин расмий мөөрү, ошондой эле акча которуулардын квитанциясы табылып, алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 190