• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: ИИМдин медицина башкармалыгынын башчысы кармалды

3 Жетинин айы 2020 11:51 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КР мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлерден ылайыктуулугун оң жака чечип медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактылары аныктады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 27-октябрында КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында КР ИИМ Медициналык башкармалыктын башчысы Аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тергөө кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер башкармалыгынын кызматына талапкерлерден, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү ж.б.), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («Пара алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантып жатат.

Количество просмотров: 2054