• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: Илмияновдун иши сотко жиберилди

3 Теке 2019 12:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы И.С.Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөнү аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилди.

Количество просмотров: 3