• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК Исаковдун ден соолугу тууралуу маалымат таратты

26 Бирдин айы 2020 18:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүн эртең мененки убакка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун адвокаттары билдирген. Алардын айтымында, Исаков өзүн начар сезип жатканын кароол кызматкерлери билдиришти.

Мурунку өкмөт башчы, камактагы Сапар Исаковдун саламаттыгы тууралуу УКМК билдирүү таратып, учурда Исаковдун ден соолугу калыбында экенин кабарлашты.

«Эртең менен ал өзүн начар сезип жаткан. Азыр абалы жакшырды. Исаковдун саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат малыматта.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, ал 2019-жылдын август айында Улуттук госпиталга жатып чыкты. Адвокаттар мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышкан.

Количество просмотров: 1850