• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

УКМК издеп жүргөн Бабановду Ташиев тапты (Сүрөт)

26 Жалган куран 201923:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.

Интернетте Камчыбек Ташиев сыртта жүргөн Өмүрбек Бабанов менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Анда ал, «Жакында көрүшөбүз! Баары эми башталып жатат»,- деп жазган.

Сүрөт 2019 жылдын 25-мартында тартылган деп белгиленген.

Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

УКМК «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат деп билдирүү жасаган.

Эскерте кетсек, 2015 жылы «Республика» партиясы «Ата-Журт» партиясы менен тандем түзүп, парламенттик шайлоого барган. Бирок «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин курамына кире алган жок.

Шайлоодон кийин, Ташиев менен Бабановдун мамилеси бузулгандыгы белгилүү болгон.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. 

Количество просмотров: 12