• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Ал атайын эсепке 50 млн. сом которду». УКМК Көлбаевди эмне үчүн бошотконун түшүндүрдү

3 Жалган куран 2021 13:22 Бишкек Govori.TV

УКМК Камчы Көлбаевди эмне үчүн бошотконун түшүндүргөн билдирүү таратты.

«УКМК тарабынан Камчыбек Асанбекке карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Калган сумманы Камчыбек Асанбек 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек ”, — деп билдирди УКМК.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тил каттына өзгөрткөн.

Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы чечими менен Камчыбек Асанбектин баш коргоо чарасынын мөөнөтү 22-мартка чейин узартылган.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен 2020-жылдын 22-октябрда Бишкекте кармалган. Кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган.

Количество просмотров: 2378