• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Кармалган мурдагы депутатка карата баш коргоо чарасы тандалды

18 Аяк оона 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

КР ЖК мурдагы депутаты «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү «Ч.Р.» тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тергөө иши бүткүчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ирисуммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алууфактысы кайрадан аныкталды. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүнпарламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсинеөзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөөаракеттеринин жыйынтыгы жана алынгандалилдердин натыйжасында, «Ч.Р.» аттуу жаранКыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ириөлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмышкашектүү катары кармалган.

Количество просмотров: 684