• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Казакпаев сунушталган дары-дармектерди алып турган

11 Кулжа 2022 9:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө чейин Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.

«Ошондой эле, Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген. 19-майдан 9-июнга чейин анын жактоочулары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу КР УКМК демилгеси менен ал Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган»,-деп айтылат маалыматта.

УКМК Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 156