• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК Казакпаевдин өлүмү тууралуу пикирин жазган журналистке эскертүү берди

15 Кулжа 2022 8:25 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берди.

Атайын кызматтын бөлүм башчысы Бейшембаевдин колу коюлган эскертүүнү журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Канат Каниметов серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда мамлекеттик мекемени негизсиз айыптаганы жазылган. Анын билдирүүсү чындыкка дал келбеси жана кандайдыр бир далил фактылар жок экени айтылат.

Канат Каниметов 10-июнда Фейсбукка Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча пост жазып, ага атайын эле медициналык жардам көрсөтүлбөй комага түшүп калгыча тергөө абагында кармап турушканын билдирген.

Количество просмотров: 83