УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери ыкчам каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Камчы Асанбектинтарапташы, мурда Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон «Кеша» кармалды.
«Ал 2016-жылы баңгизат саткандыгы үчүн 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон.Пробациялык көзөмөлдө жүргөн мезгилде, ал көзөмөл шарттарын одоно бузуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын Казакстан көздөй «брод» деп аталган тилке аркылуу системалуу түрдө мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн», — деп жазылат маалыматта.
2-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган заттарды ташып кирүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.