• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК Корея менен 5 миллион долларлык долбоор боюнча макулдашты

13 Аяк оона 2021 10:58 Бишкек Govori.TV

KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздук боюнча долбоорду каржылайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен «Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду.

Салтанатка КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору мырза Ли Жонгсу катышты.

«Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» долбоору, өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган. KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025) болот. Бул долбоорду ишке ашыруу каражаты 5 миллион АКШ долларын түзөт.

Количество просмотров: 1752