Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:
1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
3 даана кол түтүн гранаталары;
1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
1 даана сигналдык патрон;
3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.