• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Курулуш компанияларынын биринде аныкталган коррупциялык схемалар боюнча иш-чаралар жүрүүдө

9 Бирдин айы 2021 9:18 Бишкек Govori.TV

Курулуш компанияларынын биринин катышуусунда мыйзамсыз курулуш жөнүндө аныкталган коррупциялык схемалар боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Мурда маалымдалгандай, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында тийиштүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун системалуу фактылары аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө жыйынтыгында укуктук баа берилет.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарында тиешелүү сот иштери башталды.

Количество просмотров: 156