• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды

1 Кулжа 2022 21:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу, ошондой эле республиканын кесиптик бирликтер системасындагы мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ишмердигинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Көптөгөн мыйзам бузуу фактылары боюнча, чогултулган материалдардын жана КР Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен кылмыш иши козголду.

«Белгиленген фактылардын бири катары КПФнын мурдагы төрагасы М.А. кызмат адамдары, жеке адамдар жана башка белгисиз адамдар менен коррупциялык байланышка барып, 5 миллион 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы такталган, ошондой эле жеке баюу максатында кыймылсыз мүлк жана финансылык каражаттарга карата мыйзамсыз иш-аракеттеринин башка фактылары аныкталган. Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө М.А. КПФнын төрагалыгына шайлануу максатында бул кызматка шайлоодо коюлган талаптарга жооп берүү үчүн эмгек китепчесине керектүү жазууларды жасалмалаганы аныкталды. Анын үйүнүн жер төлөсүн тинтүү учурунда электрондук аппараттар- майнинг фермалар табылган, анын мыйзамдуулугу да тергөөнүн алкагында текшерилет.Иш боюнча чогултулган төгүндөлгүс далилдердин негизинде КПФнын мурдагы төрагасы М.А. жана анын орун басары В.М. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды»,-деп жазылат маалыматта.

Бул кылмыш ишинин алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык адамдардын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 3643