• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

УКМК кызматкерине пара берген айыл башчы кармалды

21 Баш оона 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары КР УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2023-жылдын 16-августунда КР УКМК кызматкерине кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом өлчөмүндө акча каражатын КР УКМК кызматкерине пара берүү учурунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. кармалды.

Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 143