• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды (видео)

16 Бугу 2022 15:03 Бишкек Govori.TV

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 12-майында Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Р.Р.Ч., аттуу КР жаранынын башкаруусунда коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалды.

Ошол эле учурда жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну Кыргызстандын жараны А.П., экендиги аныкталды.

Муну менен бирге, аталган А.П., аттуу жаран бул жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, аталган фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акча сунуштай баштаган. Жыйынтыгында бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде («Пара берүү») боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган.

Ошол эле күнү КР МУКК кызматкерине 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда А.П., кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 621