• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«УКМК кызматкерлери президентке даттанды» деген маалыматтан кийин Ташиев жыйын өткөрдү

12 Жалган куран 2021 19:33 Бишкек Govori.TV

УКМКда кызматтык-аскердик тартипти чыңдоо боюнча офицердик жыйналыш өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн,12-мартта мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин арасында кызматтык жана аскердик тартипти чыңдоо маселелери боюнча офицерлердин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга КР УКМКнын жетекчилиги, борбордук аппаратынын башкармалыгынын жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

«Жыйналыштын жүрүшүндө УКМКнын бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык жагдай, кызматтык, аскердик жана аткаруучулук тартипти өркүндөтүү жана чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жыйналышта эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди»,-деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары УКМКнын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ведомстволук актылардын жана коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык стандарттардын талаптарын системалуу түрдө изилдөө жана сактоо зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берилди.

Буга чейин “Фейсбукта” президент Жапаровдун атына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн даттануу жарыяланган. Анда Ташиев кызматкерлерине “мыйзамсыз иштерди аткарууга көрсөтмө берип жатканы” тууралуу жазылып, атайын кызматтын акыркы иштери Ташиевдин “популисттиги жана пиар өнөктүгү” деп сыпатталган. Кызматкерлер Камчыбек Ташиев эми аларды келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийликчил партиянын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө, шайлоо жараянына кийлигишүүгө мажбурлап жатканын белгилешкен. Ташиевди төрагалыктан четтетип, кызматтык иликтөө жүргүзүүсүн мамлекет башчыдан өтүнүшкөн.

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Жапаровдун атына кызматкерлеринин атынан жазылган кайрылууну төгүндөп, соцтармактарга тараган кайрылуу “фейк” экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 12268