Тергөө иштерине көмөктөшүүсүнө жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруусуна байланыштуу, У.Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
Тергөөнүн жүрүшүндө У.Өмүрзаковго жана башка адамдарга Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан КР УКМК тергөө камак жайына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган адамдардын «Жолчырак» ЖЧК кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди.
2021-жылдын 30-январында тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыяндын ордун толтурууга байланыштуу У.Өмүрзаковду тергөө жана сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгаруу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.
Мындан тышкары, У.Өмүрзаков өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан кетүү жөнүндө арызын жазган.
Белгилей кетсек, Улук Өмүрзаков «Жолчырак» көмүр кенин басып алууга айыпталып кармалган. Ал ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси.