УКМК маалымдагандай, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү.
Мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында КР УКМК Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «Ак-Сай» мейманканасын менчиктештирүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу фактыларын аныктады.
«КР Президентинин буйругу менен 1996-жылы мейманкана республикалык «Дыйкан-Ордо» эркин фермерлер жана айылдык ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. Ал эми 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жанаша жайгашкан 0,325 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берген. Бирок, 2005-жылы республикалык «Дыйкан-Ордо» ассоциациясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы И.Р.А. өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, белгиленген тартипти бузуу менен «Ак-Сай» мейманканасын Кыргыз Республикасынын жараны С.Э.А.га 1 млн. сомго саткан. Бүгүнкү күндө аталган объектте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктоодо. Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 170 миллион 554 миң сомду түзөт», — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалангандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү жер тилкесин менчиктештирүүнүн жол-жобосундагы мыйзам бузууларды моюнга алып, ордун толтуруу катары өз ыктыяры менен 9 батир жана аталган курулуп жаткан турак үйдөн 300 чарчы метр коммерциялык жайды өткөрүп берди.