• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

УКМК милиция жана салык кызматкерлери кармалганын билдирди

23 Чын куран 2024 17:28 Бишкек Govori.TV

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын жана ИИМдин кармалган кызматкерлери боюнча маалымат таратты.

Анда айтылгандай, УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында (ЕАЭБ жыйынды постунун) «Ак-Тилек автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталган.

«Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусу боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча сектордун улук инспектору В.Е.Х., Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматынын инспектору Э.Н.А., Чүй облусунун күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Т.А.Т. жана КР ФМга караштуу МСК кызматкеринин ортомчусу Д.Г.Б. кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 543